Жанар Акаев: «Бир аял 6 миң сом уурдаганы үчүн 3 баласын таштап, түрмөдө отурат»

«Кечээ, 1-ноябрда 4 депутат №1 СИЗОго кирип, камалгандар менен жолукту». Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирди.

«Ал жерде бир гана саясий негизде кармалгандар эмес, ар кандай негизде кармалган аялдар сот системасына абдан нааразы болушту. Айлап-жылдап сотту күтүшөт экен. Бир аялды 6 миң сом уурдадың деп 3 баласын калтырып, камап коюшуптур. Соту болбой жатканын айтты. Ал уурдабаганын айтты. Ал сыздап жатат», — деди ал.

Ал ошондой эле Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетинин кармалган мүчөлөрүн сот акыйкат карашы керек деп эсептейт. «Алар эч кандай башаламандыкка үндөгөн эмеспиз, тынч жыйындарды өткөрүүнү гана пландаганбыз дешет. Атай Бейшенбек Фейсбукта пост жазганым үчүн гана камап коюшту деди. Саясий чыңалууга алып барбастан, баарын бошотуу керек», — деди депутат.