Жанар Акаев депутаттык мандат алат. Жогорку Сот буга чейинки чечимди күчүндө калтырды

Жогорку Сот «Альянс» партиясынын ишин карап, Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. 

БШК 15-декабрдагы жыйынында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө жобо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, ар кандай жыныстагы талапкерлердин ортосунда мандаттарды бөлүштүрүү жөнүндө пунктка өзгөртүү киргизилген болчу. Азыркы версияда бир партия төрттөн жетиге чейин мандат алса, анда экөө аялдар үчүн сакталат деп жазылган. Жаңы редакцияда бул сумма төрттөн алтыга чейин мандат алгандан кийин сакталат болуп калган. Эгерде саясий уюм жети мандат алса, тактап айтканда, «Альянс» дал ошончо добуш алган, анда үч мандат аялдар үчүн сакталары айтылган.