Жаңы-Бак айылынын тургуну: «Качканга унаа керек экен, айдаганды үйрөнөйүн деп жатам»

«Айылда жумуш жоктугунан эркектер да жок. Азыр качканга унаа керек экен деп, айдаганды үйрөнөйүн деп жатам». Бул тууралуу SuperTV каналына берген маегинде Жаңы-Бак айылынын тургуну, ушул эле айылда мугалим болуп иштеген Толгонай Таштемирова билдирди. Ал өз балдарын айылга таштап, ок тийген сиңдисине каралашуу үчүн Бишкекке келген.

«2-3-сабак бүткөндө октун үнү угула башталды, окуучуларды дароо тараттык. Үйүм мектепке жакын. Балдарымды топтоп, иниме чалсам, ал менден мурун чалып калган дагы бир эжесине кеткен экен. Ал өзүңүз эптеп бир машина таап, кача бериңиз деди. Ал аралыкта сиңдиме ок тийгенин угуп, балдарымды бир жерге таштап, ооруканага келдим. Биз ар дайым согушка даяр болуп калдык. Кийим-кече, документтерибизди баштыкка салып, эшикке илип коебуз. Күйөөлөрүбүз шаарга кетет, айылда иш жок. Азыр өзүм айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуюн деп жатам, качканга унаа керек экен деп отурам», — деди ал.