Жаңы жылдан тарта пенсия жашоо минимумдан көп болобу? Жапаровдун жообу

Пенсионерлердин жашоо минимуму 5600 сом. Ал эми эң аз пенсия 2500 сом. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

«1-январдан баштап 44-беренедеги 2-бөлүгүндөгү норма күчүнө кирет. 1 миллиондон ашык жаран ушул Конституцияны колдошкон. Ошол колдогондор 1-январдан тарта пенсия жашоо минимумунан аз болбойт деп ойлошкон. Себеби норма ошондой болчу. Бул норма иштейби?» — деп депутат Дастан Бекешев сурады.

Акылбек Жапаров норма иштебей турганын айтты. «Мүмкүн эмес, 450 миңден ашык пенсионердин арасында 450 миңден ашыгы айыл чарба секторундагылар. Алар жылына жер салыгы менен гана Соцфондду төлөшкөн. Ар бир айда 10-20 сомдон которушкан. Бул жерде проблемалар бар», — деди ал.

«Бул жерде жазылып турат, бир да эмгек акы жашоо минимумунан аз болбош керек», — деди депутат.