«Жаңы мектеп салынат». Чаткалдагы шыбы ураган мектепке билим берүү министри Бейшеналиев барды (сүрөт)

Чаткалдагы шыбы ураган мектепке билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев барды. Бул тууралуу министр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 Чымканаев мектебиндеги мугалимдеримден, окуучуларымдан кабар алуу үчүн келдим. Билим уябыздын биринчи корпусундагы бир кабинеттин шыбы ураган. Кудайга шүгүр, окуучуларым менен мугалимим аман-эсен, эч кимиси оор жаракат алган эмес. Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармагыбыздагы жаңылануулар боюнча жеринен кабар бердим. Терек-Сайга сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынат»,- деп жазды ал.

17-майда Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу бөлмөсүнүн шыбы урап түшкөн. Кырсык катталган жерден 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылган. Жабыркагандар Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөн.