Жаңы сатып алынган учак Бишкек шаарына конду (сүрөт)

Кыргыз Республикасына жаңы “Airbus A320” үлгүсүндөгү учак келип конду. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ал Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи. “Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн самолетторду ,вертолетторду сатып алып жатабыз”, — деди Акылбек Жапаров.

2002-жылы чыгарылган Airbus A320 учагы бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынып, президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлдү.