Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгон мурдагы депутат Жаныбек Абиров кайрылуу жасады.
«Урматтуу мекендештер! Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайрадан шайлоо өтөт. Сиздер мени жана менин командамды 2021-жылы өткөн шайлоодо колдоп, сиздер менен биргеликте районубузду өнүктүрүүнүн жана инфраструктурасын жакшыртуунун үстүнөн иштегенбиз. Акырындык менен шайлоо алдындагы программабызды жүзөгө ашырып келе жатканбыз. Бирок тилекке каршы, белгилүү себептерге байланыштуу мандатымды тапшырууга туура келген эле. Жоопкерчиликтен качпай, ошол учурдагы туура чечимди кабыл алгам. Андан бери кетирген каталарымдын үстүнөн иштедим, жасаган ишим үчүн өкүнүп турам. Чынын айтсам абдан ыңгайсыз абалда турам! Эгерде убакытты артка кайтаруу мүмкүн болсо, мындай окуяга жол бербей, эмоциямды да ооздуктап калат элем. Коомчулуктун уяткаруусунан сабак алдым. Акыркы жумаларда жарандарыбыздан «парламентке кайрадан эл өкүлү болуп бар» деген көптөгөн сунуштарды алдым. Мен муну элдин талабы менен өтүнүчүн эч качан жоопсуз калтырбаган жалпы командабыздын ишинин натыйжасы деп билем. Ошол эле учурда Ленин районунун тургундары бир нече жолу чогулуш кылып, Жогорку Кеңешке кайтып барышымды суранганда мен чынында таң калып, ишене алган жокмун. Бул мени бир чети сүйүндүрсө, экинчи жагынан ойлондурду. Көпкө ойлонуп, тарапташтарымдын колдоосуна көзүм жеткенден кийин депутаттыкка талапкерлигимди кайрадан коюуну чечтим. Мынчалык колдоо жана ишеним болбогондо, шайлоого катышууга батына алмак эмесмин. Парламентке келгенге чейин бир нече жылдар бою Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы болуп турдум. Ошол жылдары жетиштүү тажрыйба топтоп, кийин менин командам болуп калган пикирлештерди таптым. Биз шаарыбыздын көптөгөн көйгөйлөрүнүн чыныгы себептерин, эң негизгиси аларды чечүү жолдорун билебиз. Жогорку Кеңеште да жөнөкөй элге жардам берүү үчүн командамдын тажрыйбасын жана өзүмдүн ыйгарым укуктарымды болушунча колдонуп жаттым. Биз бир топ иш жасадык, эл аны билет. Дал ошондуктан ишимди улантууну суранып жатышса керек. Мен алардын үнүн угушум керек деп эсептейм! Мен Жогорку Кеңешке кайтып барууга, депутат болгондо жигердүү баштаган шайлоо алдындагы программамды улантып, иш жүзүнө ашырууга даярмын. Бүгүнкү күнү алдыдагы шайлоого талапкерлигимди коём. Элибизде “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп айтылгандай дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү өтүнөм!»,- деп жазды ал.