Жаныбек Изибаев алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду

Жаныбек Изибаев Министрлер кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Изибаев Жаныбек Аскарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.