Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жапаров Орусияда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты

16:16 08.05.2023
0
Жапаров Орусияда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты

Ржев шаарында кечээ, 7-майда Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты.

Президент Садыр Жапаров жана Орусия Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган. Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул шаарга келиши Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандык мекендештерге арналган мемориалдык эстеликтин ачылышына байланыштуу экенин белгиледи. Дал ушул жерде 1945-жылдын майындагы жалпы Жеңиштин өзөгү калыптанып, ширетилген эң ири жана кандуу салгылашуулар орун алган.

“Биздин эр жүрөк кыргызстандык жоокерлерибиз, каардуу жана кара мүртөз душманга каршы жан аябастан эр жүрөктүк менен салгылашып, өз мекенин коргоп калышкан. Согуштун оор деми тийбеген үй-бүлө жок. 9-май Кыргызстанда ар дайым болгон, бар жана боло берет, анткени Эстөө – баарыбыз үчүн бир жана ыйык. Анын кандайдыр бир чеги же улуту болбойт, ошондой эле кандайдыр бир факторлорго көз каранды болбошу керек”, — деди президент.

Садыр Жапаров жалпы Жеңишке мекендештердин кошкон салымын белгилеп, айрым цифраларды, фактыларды келтирди. Алсак, согушка 400 миңге жакын кыргызстандык, же ар бир төртүнчү бойго жеткен мекендешибиз чакырылган. 130 миңден ашык адам согуш талаасынан кайтпай калган. Көрсөткөн эрдиктери жана каармандыктары үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык аскердик ордендер менен сыйланган, анын ичинен 74 Советтер Союзунун Баатыры, 21 жоокер үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.

“Кыргызстандыктар фронттордо эрдик менен гана салгылашпастан, оорукта дагы зор салым кошушкан. Кыргызстанга ондогон ири заводдор эвакуацияланган. Бул заводдордо жана фабрикаларда жалпы жеңишти камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракеттер көрүлгөн”, — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров каза болгондордун ысымдарын кайтарып, урпактарына, жакындарына үмүт, сыймык тартуулап жаткан издөөчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, алардын эрдиктери жана курмандыктары Кыргызстан менен Орусиянын элдеринин эсинде жалпы Жеңишке кошкон баатырдык салым катары кала берерин белгиледи.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү