Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жарандын №94 балдар бакчасынын тарбиячысы анын 3 жаштагы баласын сабагандыгы тууралуу кайрылуусу боюнча Октябрь РИИБдин кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын текшерип чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Материалдарды карап чыгуунун жыйынтыгы менен №94 балдар бакчасынын тарбиячысы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда үч жашар баланын денесине эч бир себепсиз залал келтирип, анын дене боюнун жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.
Бирок Октябрь РИИБдин тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.
Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, жаш баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле, негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилген.