Жарандык активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасы бүгүн каралат

Эки күн мурда кармалып, камакка алынган жарандык активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасы бүгүн каралат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

24-октябрда 25-октябрга караган түнү кармалган 20 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасы каралып, алардын 19у 2 айга камакка алынды. Ал эми Талант Эшалиев жүрөк оорусуна байланыштуу үй камагына алынды.