Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Москва-Бишкек багыты боюнча билеттердин баасы тууралуу маалымат берди

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев Москва-Бишкек багыты боюнча авиа билеттеринин баалары боюнча комментарий берди.

«Орусиянын президентинин жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыгынан соң жарандардын чуусунан кийин авиабилеттердин кымбатташы байкалган. Биз аны көзөмөлдөйбүз. Бааларды жогорулатууга жол бербөө боюнча федералдык аба транспорту агенттиги жана авиакомпаниялар менен иштеп жатышат. Бирок биздин трафик бааларды көтөргөн жок, «Аэрофлот» эки эсе кымбаттатты. «Урал аба жолдору», «Сибирь» бааларды мүмкүн болбой турган деңгээлге чейин көбөйтүп салышты», — деди ал.

Александр Настаев кымбаттоо убактылуу экенин жана 5-октябрдан тартып баа төмөндөй турганын билдирди.