«Жардам берүүгө даяр». «Бишкекте 10-11 үй 5 айдан бери суусуз отурабыз» деген жарандарга «Бишкек суу канал» жооп берди

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Бишкектин Биринчи Май районунун жашоочусу кайрылып, Ленский тар көчөсүндөгү 10-11 үй 5 айдан бери суусуз отурганын айтып, тиешелүү жак чара көрбөй жатканын билдирген. «Бишкек суу каналдан» жарандардын нааразычылыгына жооп беришти.

«Айтылган тилкеде «Бишкек суу канал» ЖЧКнын суу менен камсыздоо бригадасы изилдөө жүргүздү. Турак жайларга кошулган суу түтүктөрү техникалык жана технологиялык талаптарга жооп бербейт. Бул тармактар ​​долбоорсуз курулган. Мындан тышкары, түтүктүн диаметри d32 мм ичүүчү суунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, акыры системадан суу өтпөй калышына алып келген. Бул суу түтүктөрү менчик курулуп, үйлөрдүн тилкелери аркылуу өткөндүктөн, «Бишкек суу каналдын» балансында эмес. Жашоочулардын кайрылуусун эске алып, «Бишкек суу канал» ЖЧКсы Ленский тилкесин бойлото 200 мм суу түтүгүн өчүрүү жана кошуу боюнча техникалык жардам көрсөтүүгө даяр», — деп айтылат маалыматта.