Жардан кулап көз жумган окуучунун ата-энеси экспертизанын жыйынтыгы менен макул эмес

Жардан кулап каза болгон 14 жаштагы окуучунун ата-энеси экспертизанын жыйынтыгы менен макул эмес. Мындай билдирүүнү Бактыгүл Төлөнбаева менен Ормон Маматов маалымат жыйынында билдиришти.

18-октябрда милиция маалымат таратып, Өзгөндө эки мектептин окуучулары мушташып, 1 окуучу жардан кулап каза болгонун билдиришкен.

Бактыгүл Төлөнбаева уулунун жардан кулаганына макул эместигин билдирди. Анын айтымында, массалык мушташка мектеп окуучулары эле эмес, чоңдор да катышкан. «Уулумду кармап, унаага салып, сабап салышкан. Балам мушташкан жерден качып, жардан кулап кетти деген жалган маалымат тарап жатат. Мен бул жалган маалыматка ишенбейм. Менин балам кантип жардан кулап кетет? Ооруканадан көрсөтпөй, абалы оор экенин айтышкан. Ал жердегилер балам жардан кулады деп айта алышкан жок», — деди ал.

Баланын атасы Ормон Маматов белгилегендей, аталган факты боюнча 280-берененин 2-бөлүгүнүн ( топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Ата-энелердин айтымында, адам өлүмү фактысы бар болгондуктан, алар мындай беренеге макул эмес. Алар беренени өзгөртүүнү суранышат.

Медициналык жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, бала бийиктен кулап, алган оор жаракатынан улам каза болгон. «Биз мындай жыйынтыкка макул эмеспиз», — дейт апасы.