Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында Бишкектеги косметологиялык борбордордун талапка жооп берберин айтып, барбай турууга чакырды.
«Бишкекте 18 жай текшерилди. Алардын экөөсү гана талаптарга анча-мынча жооп берет экен. Ал эми тогузунда медициналык билими жоктор иштейт экен. 7 борбордо лицензия болгону менен талапка жооп бербейт. Текшерүү болгондо, алар эшикти жаап алып, киргизбей коюшкан. Иретке келтирилмейин барбай турууга чакырам», — деди ал.