«Жарык жок». Камакка алынган активисттердин иши боюнча жыйында шам менен отурушат

Борбор калаадагы мейманканалардын биринде юристтер менен Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн жакындары чогулган тегерек стол шамдын жарыгында өтүүдө. Жыйындар залында жарык өчүрүлгөн.

Чогулгандар шам жагып, журналисттер жасалма жарыкты күйгүзүштү. Жыйынга укук коргоочулар да катышууда. «Бул жашыруун жолугушуу эмес», — дешет тегерек столдун катышуучулары.