Жарык үчүн жаңы тариф. Эсептөө кандай жүргүзүлөт?

Жакында кыргызстандыктар жаңыртылган тариф менен биринчи квитанцияларды алышат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ал эми электр энергиясынын баасы 0,77 сомду түзгөн апрель айынын бир нече күндөрү акы төлөнүүчү мезгилге камтылса, эсептөө кандай жүргүзүлөт деген суроо көпчүлүктү тынчсыздандырууда.

«Май айынын квитанциялары абонент керектөөнүн чегинен (лимитинен) ашканына же ашпаганына жараша, эки же үч цифрадан турат. Биринчи цифра – бул 2023-жылдын 1-майына чейин керектелген электр энергиясынын көлөмү, экинчи цифра – эсептешүү мезгили үчүн 700 кВт сааттан ашпаган 1-майдан баштап керектелген киловатт-сааттын саны. Үчүнчү цифра лимиттен ашык керектелген электр энергиясынын көлөмүн билдирет»,- дешти.