Жарыктын жапырт өчүрүлүшү боюнча Өзбекстан менен Казакстан эки башка версияны билдирди

Өзбекстандын Энергетика министрлиги Борбор Азиядагы үч өлкөдө электр энергиясынын өчүрүлүшүнө Казакстандагы авария себеп болгонун билдирди. Ал эми Казакстан тармактагы чыңалуунун секириги коңшу өлкөлөрдүн тармагындагы «авариялык дисбаланстан» улам болгонун маалымдады. Бул тууралуу орсиялык басылмалар жазышты.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Казакстандын электр тармагындагы ири аварияга байланыштуу Алматы, Чымкент, Туркестан облустарында жана ага жакын аймактарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Бул өз учурунда Казакстандан Ташкент жана Сырдарыя жылуулук электр станцияларына барган 530 электр линиядагы чыңалуунун чукул өзгөрүшүнө алып келген. Мындан улам, авариялык коргоо системасы иштеп кетип, жарык өчүп калган.

Казакстанга келсек, алар авариялык өчүрүү Өзбекстан менен Кыргызстандын энергетиктеринен улам болду деп жатат. «Бүгүн, 25-январда саат 11:59да Борбор Азиянын энергетикалык системасы (Өзбекстан, Кыргызстан) тарабынан түзүлгөн авариялык дисбаланстын айынан «Казакстандын Түндүк-Чыгыш-Түштүк» 500 киловаттык жогорку чыңалуудагы линиясынын транзитине күтүүсүздөн электр кубаттуулугу жогорулап кеткен», — деп жазылат Электр тармактарын башкаруу боюнча казакстандык компаниясынын (KEGOC) маалыматында. Бул өз учурунда транзиттин авариялык бөлүнүшүнө жана Казакстандын түштүгүндө жарыктын өчүрүлүшүнө алып келгени айтылат.

Ал эми Кыргызстандын Энергетика министрлигинен «Болжолдуу түрдө Борбор Азиядагы энергетикалык системасынын иштөөсүнүн үзгүлтүккө учурашы аймактагы энергетикалык системалардын биринен улам болду» деген маалымат таратышкан.