Жарым жылдан бери дайынсыз жоголгон Нурбек Токтогонов изделүүдө

Жарым жылдан бери дайынсыз жоголгон Нурбек Токтогонов изделүүдө. Анын агасы милиция кызматкерлери издөө жүргүзбөй жатканын айтып СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылды.

«Биз Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынан болобуз. Бир тууган иним, 2000-жылы туулган Нурбек Токтогонов Бишкекте аскердик кызматын өтөп бүтүп, жалгыз жашап, иштеп келген. 2021-жылы 26-ноябрь күнү Бишкектен паспорт алган боюнча дайынсыз болуп жатат. Октябрь районуна караштуу аймактан паспорт алган экен, Октябрь РИИБине жоголгондугун айтып кайрылганбыз. Ал жакка качан барбайын «карайбыз» деп жөнөтүп коюшат. Азыр да ошол жактан келип жатам. Издейбиз деп эле ишти карабай жатышат.

Барбаган жерибиз, сураштырбаган адамдар калган жок. Мен 2010-жылдан бери Орусияда болчумун. Инимди эч ким издебей койгондуктан өзүм издеп жүрөм», — дейт агасы.

Көргөн-билгендер болсо 0507 909318, 0708 432435 номерлерине кайрылыңыздар.