Жаш активист Мунарбек Базаркулов 25 жашында көз жумду

Жаш активист Мунарбек Базаркулов көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын досу билдирди.

Мунарбек Базаркулов 1997-жылы Аксы районунун Кичи-Акжол айылында туулуп-өскөн. Ошол айылдагы мектепти аяктап, Бишкектеги «Манас» университетине тапшырган. «Жаш активист болчу. Университеттеги сынактарга катышуучу, алып баруучу, уюштуруучу болуп жүрдү. «Ыйман фонду» менен иштеп жүрүп, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун үстүнөн да иштеди. Бир нече айылдарга китепкана ачууга да салым кошту. Аксы жаштарынын коомдук фондунда төрага болчу. Түркия, Орусияда иштеп жүрдү. Жакшы эле жүргөн. Былтыр күздө Кыргызстанга келди. Жакшы эле жүрүп, ооруканага түшүп калды. Ичегисинен рак деген диагноз коюшуп, операция да кылышты. 2 ай ооруканада жатты. Ошентип эле өтүп кетти», — деди досу.