Биздин бул жолку карманыбыз Анур Жээнбек уулу. Ал мындан 6 ай мурда айылда улак тартыш ойноп жатып, аттардын тебелендисинде калып, катуу жаракат алганын айтат. “Ошондон бери төшөккө байланып калдым” деген ал чоң улакчылар менен жолугушууну кыялданарын айтат.
«Кичинемден атка кызыгам. 7 жаштан ат минип, 7-8-класстан баштап улак ойноп жүрөм. Чоң улакчылардын күйөрмандарымын. Рустам Тыналиев келип, ден соолугумду сураса, төшөктөн туруп кетчүдөй болом. Мен азыр баладай жөрмөлөгөндү каалайм. Денем уюп кеткенде оодарылсам дейм»,- деди ал.