Балдарга жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү кастрация кылуу сунушу комитетте жактырылды

Балдарга жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү кастрация кылуу сунушу комитетте жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

«Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү кийирүүнү жактырды. Депутат Улан Бакасов сунуштаган мыйзам долбоорго ылайык, балдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү кастрация кылуу сунушталууда», — деп айтылат маалыматта.