«Жаш кыз үйүндө төрөп, тирүү баланы дааратканага салып салган» дейт соттук-медициналык эксперт

Кылмыш-кырсыктан улам, түрдүү жагдайда каза болгон жансыз денелер менен иштөө – бул жолку каарманыбыздын күнүмдүк иши. “Тузу оор кесиптер” долбоорунун алкагында бул ирет соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчиси Сүйүн Касымовдун кесиби менен тааныштык. 25 жылдан бери ушул кесипти аркалап келе жаткан ал практикасындагы аянычтуу, жүрөк үшүн алган окуяларды эстеп айтып берди.

«Менин зээнимди кейиткен мындай окуя болгон. Жаш кыз үйүндө төрөп, тирүү баланы баштыкка салып, дааратканага салып салган учур болгон. Биз барып, алып чыгып, изилдегенбиз. Ымыркай тирүү төрөлгөн. Кыз ата-энесинен коркуп жасаган иш болгон»,- деди ал.