«Жашоону ойлонбой өзгөртүү керек». Орусиялык блогерден iPhone 13 белекке алган кыргыз жигит Дубайда эс алат (видео)

Орусиялык блогер, ырчы Ольга Бузованын мурдагы жигити Дава Манукяндан iPhone 13 белекке алган кыргызстандык Эламан аттуу жигит эсиңизде болсо керек. Дал ошол блогер Москвада KFC тамактануучу тармагында иштеп жаткан жигитти издеп барды. Блогер окуяны баштан-аяк Инстаграмдагы сторисине жүктөдү.

Буга чейин Эламандын ишке киргени маалым болгон. Блогер кыргызстандык жигитке аны менен чогуу Дубайга барып, эс алып келүүсүн сунуштады жана ошондой эле жигитке жашоону өзгөртүү керек экенин айтып, буга ал жардам берерин убадалады. «Жашоону ойлонбой өзгөртүү керек. Сен жашооңду өзгөртүүгө даярсыңбы? Эгер макул болсоң, азыр жумуштан мени менен кет. Тарых ушинтип жаралат», — деди ал. Кыргызстандык жигит дароо макул болуп, дал ошол учурда жакында эле кирген жумушунан кетти.

@dava_mА на что готов ты? ♬ оригинальный звук — Давид Манукян