Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал 2018-жылдын 10-октябрында президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалган. Ал эми тышкы саясат бөлүмүн буга чейин жетектеп келген Дастан Дүйшөкеев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кызматын аркалап баштайт.