Тууга өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов пикирин билдирди.
«Депутаттар! Тууну ордуна коюп койгула! Силерге сөзсүз эле эл кыйкырып чыгышы керекпи? Кыйкырып чыккандарды каматабыз деп жатасыңар го… Акырында өзүңөр да камаларыңарды унутпагыла! Элдин жинине тийип албагыла! Желек силерди сайгылап, уктатпай жатабы? Эгерде, элге желекти алмаштыруу, өзгөртүү керек болгондо, эчак эле айтып чыгышмак. Желекке өзгөртүү керектигин эл айткан күндө да, силер баш болуп “Койгула! Силер эмне, сүрөтчү белеңер? Же, ушул тууну кабыл алышкан легендарлуу парламенттин депутаттарынан да билимдүү, акылдуусуңарбы?” деп, күүлөнгөн элди токтотушуңар керек эле го? Эмне анча жаныңарга күч келип, желекти өзгөртүүнүн чыгымын мойнуңарга алып, эл кереги жок десе да болбой, жанталашып жатасыңар? Айткылачы ачыгын!» — деп жазды ал.










