Жеңиш чокусун багындыруу үчүн чыгып, дайынсыз болуп жаткан 4 альпинистти издөө үчүн бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоодон куткаруу кошуунунун 7 куткаруучусу жана министрликтин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 16 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Издөө ишин жүргүзүү боюнча расмий кайрылуу 27-июль күнү Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен түшкөн.
Маалыматка ылайык жогорудагы 4 альпинисттин үчөө Орусиянын жарандары, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны. «Альпинисттер Кыргызстандагы “Аксай-Тревел” туристтик компаниясы менен келишим түзүп, камсыздандыруу менен 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартышып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метр бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген координат келип түшкөн. Алынган координаттын негизинде “Аксай-Тревел” компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес.
Ал эми ӨКМдин куткаруучулары чокууга чыгууда кар көчкү түшүү коркунучун жана башка кооптуу шарттарды эске алып, эрежелерди тыкыр сактоо менен издөө ишин жүргүзүшөт»,- дешти.
Жеңиш чокусунда альпинисттердин тобу дайынсыз жоголгон. Маалыматка караганда, алар 19-июлдан 20-июлга караган түнү байланышка чыкпай калышкан. Топтун курамына Дмитрий менен Светлана Павленко жана дагы 2 адам болгон.