Жеңиш күнү Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? Министрликтин жообу

9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 77 жылдыгына карата митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Иш-чара Бишкек гарнизонунун аскерлеринин катышуусу менен өтөт. Ошондой эле, «Солдат кашасы» уюштурулуп, Улуу Ата-Мекендик согуш учурундагы курал-жарактар жана аскердик техникалар көрсөтүлөт. «Өлбөс полк» жөө жүрүшү шаардын Түштүк дарбазасынан башталып, Жеңиш аянтында аяктайт.