«Жер алдында 50 саат челленжи». Блогердин жер алдында жатканына 47 саат болду (видео)

Блогер Акылбек Өмүрбеков «жер алдында 50 саат челленжин» улантууда.

Маалыматка ылайык, блогер короосуна алдын ала жер казып, атайын жай даярдаган. Ал жер алдындагы өзүнүн абалы тууралуу ютуб каналына түз эфир менен чыгып, элди кызыктырган суроолорго жооп берүүдө. «Жер алдында аба жок, ысык. Сүйлөсөм эле чарчап, башым ооруп калып жатат. Курт-кумурсканын баары аралап, кулакка кирип жүдөтүп жатат», — дейт блогер.