Жер титирөө Бишкекте 3 баллга чейин сезилди

Жер титирөө боюнча Сейсмология институту маалымат берди. 

“Саат 21:05те Кыргызстандын  аймагында очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Бишкек шаарында 3 баллга (Бишкек шаарынан 35 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. Тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”,-дешти.