«Жетекчилик мушташып жатат» деген видеодон кийин Ош ОИИБдин башчысынын орун басарлары кызматтан кол жууду

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ош ОИИБдин башчысынын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Социалдык тармактарда «Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатат» деген маалымат тараган. Бул кызуу талкууга алынып жаткан окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгондугу такталып, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ОИИБи тарабынан аталган окуя боюнча материалдар катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бул факты боюнча окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жана ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил зат катарында канга окшогон кызыл түстөгү тактардын үлгүлөрү алынган. Андан сырткары, аталган көп кабаттуу үйдө орнотулган видеокамералардан видеодалилдер алынган.

Ош ОИИБдин окуяга тиешеси бар жетекчилик курамдагы кызматкерлерине карата соттук-медициналык экспертиза жана башка тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, аларды жана башка кошумча күбө адамдарды тактап, аларды суракка алуу үчүн Тергөө кызматына камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга атайын тапшырмалар жиберилди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматытынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын айрым пункттарынын талаптарын одоно түрдө бузгандыгы, башкача айтканда кол алдында кызмат өтөгөн кызматкерлерге мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча жетиштүү деңгээлде тарбия иштеринин жана көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасында Ош ОИИБдин жетекчи курамынын кызматкерлери пикир келишпестик менен өз ара мушташкан жоруктары коомчулукта талкууга алынып, кызматкерлердин аброюна шек келтирилгендиги үчүн Ош ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилди.

Ал эми окуяга түздөн-түз тиешеси бар Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Алмаз Усеналиев жана Ош ОИИБнын коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Салмоорбек Шералиев, Ош ОИИБдин башчысынын кадр иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Улан Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулду.