Жети миллионунчу кыргызстандык төрөтканадан чыгарылды (видео)

Кызыл-Кыяда төрөлгөн жети миллионунчу кыргызстандык төрөтканадан чыгарылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары видео менен бөлүштү.

Жети миллионунчу кыргызстандык Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду. Ал фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр. Атын президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон.