Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакча ачылды.
Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал 100 балага ылайыкташкан. Ошондой эле мында жергиликтүү 19 адам жумуш менен камсыз болот.
10 миңге жакын жашоочусу бар Барскоон айылында буга чейин 1 бала бакча болгон. Жаңыдан курулган бул имарат эми бала бакча жетишсиздигин жоёт.








