«Путин, Токаев, Мирзийоев, Рахмон…» Кыргыз элин куттуктаган өлкө башчылар

Президенттин аппаратынын сайтында Кыргыз элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктаган өлкө башчылардын куттуктоолору жарыяланууда.

Эң алгач эле Орусиянын президентинин куттуктоосу жарыяланды. Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. Анын куттуктоосунда Казакстан Кыргызстандын жетишкендиктери менен чын жүрөктөн кубанары жана достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо байланыштарыбызды мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берерин айткан.

Куттуктагандардын арасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев да бар. Ал Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана калктын бакубаттуулугун мындан ары жогорулатууга багытталган системалуу жана комплекстүү реформалар жүргүзүлүп жатканына коңшулар катары чексиз кубанычта экенин билдирген.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын ынак коңшулук мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин айтты.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан мамлекеттүүлүктү чыңдоо, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана эл аралык аренадагы беделин жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстан элине бакыт, тынчтык жана ынтымак каалады.

«Биз алдыдагы мезгилде, жалпы кызыкчылыктарыбыздын негизинде биргелешкен салымыбыз менен жалпы тил, маданият жана тарыхый байланыштан кубат алган стратегиялык деңгээлдеги мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө чечкиндүүбүз”, — деп айтылат Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоосунда.

Кытайын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосунда «Дос Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүү жана күч-кубат, ал эми анын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм” деп айтылат.

Сауд Арабиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана бир тууган элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалаганыбызга кубанычта экенин билдирди.

АКШнын президенти Жо Байден Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишкенин, бирок эң сонун күндөр али алдыда деп ишенерин жазды.