Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-июлдагы жыйындын жүрүшүндө «Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар» жөнүндө мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына 81 депутат 1, 2 жана 3 окууда добуш берди, 2 депутат каршы болду.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров экономикадагы өзгөчө кырдаал режим баанын кескин өсүшү жана жакырчылыктын деңгээли менен киргизилет деп түшүндүргөн.