Жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирхандын сөөгү бүгүн, 12-ноябрда Аксыда берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты анын туулуп өскөн айылы Үч-Коргон айыл өкмөтүндө өттү.
- Кырсык 10-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Чолок-Боом унаа жолунун 9-чакырымында катталган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан. Унаада ырчыдан башка дагы бир 1997-жылы туулган жаран болгон. Алдын ала маалымат боюнча катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу унаанын рулуна ээ боло албай, жолдун оң жагындагы тосмону сүзүп, андан соң жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан ырчы каза болгон. Ал эми айдоочу Кемин районунун аймактык ооруканасына кайрылды.