Жол тескөөчү депутаттын айдоочусуна айып салып, караңгылатылган терезесин тазалатты.
Кайгуул кызматынын маалымат катчысы, инспектор Мирлан Таалайбеков Toyota Land Cruiser Prado унаасын токтоткон.
Ичинде депутат Айбек Алтынбеков айдоочусу менен болгон. Таалайбеков айдоочуга протокол түзүп, алдыңкы айнеги караңгылаткан пленканы сыйрытты.












