Жол тескөөчү менен милиция кызматкери урушуп жаткандагы видео тарады

Жол тескөөчү менен милиция кызматкеринин ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып, видео менен бөлүштү.

Видео 21-мартта Бишкекте тартылган. Ошол учурда Нооруз майрамына карата “Аккула” ат майданында ат оюндары өтүп, Термечиков көчөсү менен Гарарин көчөсү Лев Толстойго чейинки жол жабык болгон.