Социалдык тармакта жол тескөөчүнүн дүкөндөгү видеосу тараган. Видеонун авторунун айтымында, кызматкер аз сандагы банандын баштыгын таразага тартып, кийин жанындагы көп сандагы бананды баштыкка салып, бирок жеңил салмактагы банандын баасын оор салмактагы баштыкка чаптап койгонун айтат.
Супермаркеттин кызматкери инспектор бул дүкөнгө көп келерин белгилеген. Чүй облусунун Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.