«Жолдошу аман калды». Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон Дина Бекмурзаеванын артында кызы калды

22-августта ӨКМ Орусиядагы жол кырсыкта каза болгондордун тизмесин жарыялады. Алардын арасында Дина Бекмурзаева да бар.

Маркумдун агасы журналисттерге карындашынын 5 жылдан бери Орусияда эмгектенип келгенин айтты. «Бир кызы бар. Жолдошуу экөө тең жол кырсыкка кабылган. Кудайга шүгүр, жолдошу тирүү калыптыр»,- деди ал.