«Жолдошум боюмда эгиздерди көтөрүп жүргөндө таштап кетти. Үй-бүлөсү бар окшойт» дейт 6 баланын апасы

Элнура Курманова шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланасында 6 баласы менен вагондо күн кечирет. Ата-энесиз өскөнүн айткан ал башынан өткөрүп жаткан тагдырын баяндап берди.

«Биринчи жолдошум каза болуп калган. Эгиз балдарым экинчи жолдошумдан. Таштанды таштоочу жайда иштеп жүрөм. Азыр 1-2 саатка чыгып бөтөлкө терип иштейм. Эң улуусу 5-класста окуйт, андан кийин 4-3-2-класста окушат. Эгиздериме 2 ай болду. Кызым алсыз төрөлүп, кыйналып жатам. Күнү-түнү уктабайт. 

Мен өзүм Таластан болом. Бирок Бишкекте чоңойгом. Ата-эне, бир туугандын мээримин көргөн эмесмин. Апам кичинемде каза болгон, атамды билбейт экем. Ар кимдин колунда чоңойгом. Окуган деле эмесмин. Кара жумуш кылчумун. Биринчи жолдошум менен жакшы жашадым. Ал айдоочу болуп иштечү. Жол кырсыктан каза болгон. Экинчи жолдошума ишенгем. Боюмда бар кезде таштап кетти. Анын үй-бүлөсү бар болушу керек деп ойлойм»,- деди ал.