“Жолдошум ооруп жатса да, баламдын тамак сата баштаганына намыстанды” дейт 7 баланын апасы

SUPERTV’нын бул жолку каарманы тамак ташып, интернетте видеосу тараган 12 жаштагы Данияр аттуу бала. Данияр 7 бир тууган. Ал атасынын ден соолугуна байланыштуу батирде жашаган үй-бүлөсүнө кам көрүп, апасы жасаган тамак-ашты базарларга, соода борборлоруна алып барып, сатып келет. Жаш болсо да үй-бүлө түйшүгүн колго алган Данияр болочокто тамактануучу жай ачкысы келерин айтат.

Баланын тамак сатып баштаганына атасынын ооруп калышы түрткү болгон. «Жолдошум деле Даниярдын тамак сатканына каршы болду. Ооруп жатса да, намыстанды. Өзү иштеп келип, ооруп, жатып калат. Анан уулум «бир баланы көрүп калдым, мага да оромо жасап бериңиз, мен сатайын» деп калды. Мен каршы болдум. Анын үстүнө ошол учурда эгиз балдарым анемия болуп ооруп калышты. Аларга да дары керек, акча керек болду. Жолдошум тура албай, ооруп жатып калганда, Данияр тамак сатып баштады», — деди баланын апасы.