«Жолдошумдун чачынан башка өлкөдө толтура маселе бар». Кайрат Примбердиевдин жубайы депутаттын сынына үн катты

«Жолдошумдун чачынан башка өлкөдө толтура маселе бар». Ырчы Кайрат Примбердиевдин жубайы жана менеджери Эльвира Бегалиева депутаттын сынына үн катты. Ал бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин фракциялык жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов «Нооруз концертинде кыргыз жигитинин чачын түйүп алып чыкканы уят» деген болчу.

«Кыргызстанда менин жолдошумдун чачынан башка толтура маселе бар. Депутаттар ошол маанилүү нерселер менен алектенишсе жакшы болмок. Кайрат ошондой узун чачы менен Орусиянын «Голос» сынагына барып, Кыргызстанды таанытып, атын чыгарып келген. Ошондо ага эч кимиси маани берген эмес. Эми эле көзүнө көрүнүп калыптырбы?

Кайрат учурда эч кайсы мамлекеттик мекемеде иштебейт, чачын кыска алып жүргүдөй. Ал эркин ырдап жүргөн чыгармачыл инсан. Ал чачын узун кылабы, башка кылабы, өз эрки. Саясатчылар жолдошумдун атынан өзүн пиар кылгандын ордуна башка тема табышса болмок», — дейт Кайрат Примбердиевдин жубайы, менеджери Эльвира Бегалиева.