Бүгүн, 28-майда Байтик Баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Ага ылайык Байтик Баатыр көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жабылат. Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.