Жогорку республикалык тестке кирүү үчүн абитуриенттерге кандай документтер талап кылынат. Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.
Абитуриент кабарлоо баракчасында көрсөтүлгөн убакыттан кечикпей тест борборунда болууга тийиш.
Тестке кирүү үчүн ал каттоодон өтүшү керек жана анын жанында төмөнкү документтер болушу шарт:
• Жанына көк же кара түстөгү жакшы жазган калемсап алуусу керек.
Ал эми 23-майда жана 26-майда саат 13:00дөн 17:00гө чейин ар бир тест борборунда түрдүү себептер менен катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.
• орто билими жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн).
Ар бир каттоодон өткөн абитуриент кабарлоо баракчасы менен бирге ЖРТга даярдануу боюнча акысыз колдонмолорду алат. Ал колдонмолордо тест боюнча бардык керектүү маалыматтар камтылган: тесттин эрежелери, катышуучулардын укуктары жана милдеттери, жүрүм-турум эрежелери, тесттин ар бир бөлүгү боюнча тапшырмалардын мисалдары жана башка. Бул колдонмолорду абитуриенттер мугалимдери же ата-энелери менен кунт коюп окуп чыгуусу керек. Тесттин эрежелерин сактоо бардык катышуучуларга тестти бирдей шартта тапшырууга мүмкүндүк берет. Тест материалдарын: дептер, жооп барагы менен черновиктерди тесттин администраторлору таратып берет. Тест учурунда абитуриенттердин жанында эч кандай ашыкча буюмдар болбошу керек.