Жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптар көп болуп, сааттап кезек күтүшүүдө

Архив

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кезекке жарандар нааразы. Социалдык тармактарда ата-энелер төрт сааттан ашык кезекте турушарын жазышууда.

Ооруканадан билдиришкендей, вирустук инфекциялардын сезондук өсүшүнө байланыштуу кайрылгандардын саны көбөйгөн. Күн сайын 250-300 бейтап кабыл алынса, анын ичинен 130-140 бейтап ооруканага жаткырылат. Ооруканага оору оор түрдө жана орто оордукта болсо жаткырылат.

«Ооругандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу дарыгерлер чыңалган режимде иштеп жатышат. Кабыл алуу бөлүмүндө күндүз 8 дарыгер, түнкүсүн 4 дарыгер иштейт. Орточо эсеп менен бир бейтапты кабыл алууга 15 мүнөт кетет, абалы жана оордугуна жараша кабыл алуу убактысы созулушу мүмкүн. Ошондой эле бейтаптар бизге кеңеш алуу үчүн кайрылышат, аны текшерүү көбүрөөк убакытты талап кылат. Дарыгерлер кабыл алуу бөлүмүн күчөткөнүнө карабай, бейтаптардын агымы азайбай, кезек пайда болууда», — деп билдиришти ооруканадан.