Кечээ, 2-ноябрда түштөн кийин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте Камбар-Ата ГЭСинен жогору жайгашкан өрөөнгө жөнөтүлгөн. Өрөөндө Нарын дарыясы жайылып аккандыктан, ошол аймактан жумгалдык ата-баланы издөөгө жалпы 8 адам чыккан.
Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу саат 18:21де токтотулган. Бүгүн, 3-ноябрда кайрадан таң эрте Жумгал районунда жана Токтогул районунда дарыя жээктей издөө улантылды.
16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн.