Жумгалда көмүр өздүк баада сатылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Кара-Кече күрөң көмүр кенинин «Борбордук» участкасында болду.

«Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек. Бекитилген план боюнча, «Кыргызкөмүр» ишканасы 2 миллион 677 миң тонна көмүр өндүрүп, камдашы керек. Андыктан өндүрүштүк иштер толук көлөмдө жүргүзүлүп, көмүр ташуу үзгүлтүксүз болушу керек. Мындан тышкары, карьерде коопсуздук эрежелерин сактоо, тоо-тек үймөгүнүн кесепетинен аварияларга жол бербөө маанилүү. Бул багытта “Кумтөр” ишканасынын тажрыйбасын пайдалансаңыздар болот, биз тиешелүү байкоочу шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүгө даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Жумгал районунун тургундарын өздүк баада көмүр менен камсыз кылууну да тапшырды.

1-августтан тарта Бишкек шаарынын ЖЭБине, ошондой эле калкка, бюджеттик мекемелерге көмүр ташыла баштаган. Ишкана күнүнө 5,5 миң тоннага жакын көмүр жүктөөдө.