SUPERTV’нын бул жолку каарманы Жаркынай Сатыкулова. Ал 42 жашта. Келин ажырашкандан уялып, жолдошунун ар кандай кемсинтүүсүнө чыдап жашаганын айтат. Каарманыбыз 19 жашында турмушка чыккан. Экөөнүн жашоосуна кайнежелери кийлигишип, экөө эки башка жолго түшкөн. «Кичүү кайнежем жолдошума спирт ичимдиктерин алып берчү. Аны ичип мени сабайт эле» деген келин тагдырын баяндады.
«Күйөөм сабап, боюмдан түшүп, 15 күн канжалап жаттым. Ага чейин турмушта тырышып, ажырашпайын деп, жашадым. Анын үстүнө ата-энемдин да абалын ойлодум. Жолдошум үйгө кыздарды алып келген күндөрү эшикти кулпулап алчу. Ошол күнү жумуштан өзүмдү жаман сезип, суранып, үйгө келгем. Жолдошум башка кыз менен жыпжылаңач болуп жатат. Кыздын үстүндө аппак көйнөгү бар экен. Ошол көз ирмемдер дале көз алдымда. Менин төшөгүмө эмне алып келесиң деген сөздү айтканда, күрөк менен далыга урду. Мындай көрүнүш өтө эле көп болчу», — дейт ал.