Журналист Семетей Талас уулунун кайненеси анын кармалышы тууралуу айтып берди (видео)

Күч органдары тарабынан кармалды делген журналист Семетей Талас уулунун кайненеси аны кармоо учурун айтып берди. Буга чейин журналисттин кармалганын анын жубайы билдирген болчу.

«Колун кайрышкан жок. Мындай эле ээрчитип кетишти. Унаамды айдап алайын, түштөн кийин жумушум бар десе болбой коюшту. Кимдер экенин айтышкан жок. Күйөө балам менен андай темаларды сүйлөшпөйм. Телефондун тыштарын табышты. Анан айттым, анын бирөө менин телефонумдун тышы, бирөө кызыныкы, бирөө жубайыныкы десем, кайра беребиз дешти. Китептерин алып кетти. Өзү намаз окуйт да. Ошол китептерин алып кетишти. Материал тараттың дешти. Өзүнүн энеси болсо сурамак да мен анте албай калдым. Келинчегине чалдым», — деди ал.